8-Март - Аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү. 1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгып, эмгек акыларынын төмөндүгү, эмгек шарттарынын начардыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2-эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Аталган майрам дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө белгиленбесе дагы, ар бир өлкөдө айымдардын урматына арналган майрам бар.
Германия
Бул өлкөдө 8-Март эс алуу күнү эмес. Майрам тууралуу массалык маалымат каржаттарында айтылып жазылганы менен майрам кеңири белгиленбейт. Германиялыктар аялдардын күнү деп май айында белгилене турчу Энелер күнүн билишет жана майрамдашат. Бул күнү айымдар бардык үй жумшутарынан бошотулуп эс алышат.
Литва
Азыркы мезгилде Литва өлкөсүндө 8-Март майрамы орус тилдүү жарандар көп отурукташкан аймактарда эле белгиленет. Бул майрам расмий мамлекеттик майрам деген статуска ээ эмес.
Вьетнам
Вьетнамда айымдарды куттукттоо күнү 2 миң жылдан бери бар. Бирок мурда бул майрам Чынг эже-сиңдилерди эскерүү күнү деп аталган. Чынг эже-сиңдилер Вьетнам элинин кытайлык басып алуучуларга каршы баштаган боштондук күрөшүн жетектешкен. Алардын аскерлери курчоого алынган мезгилде, эже-сиңдилер туткунга түшпөйлү деген ой менен сууга секирип кетишкен. Социализм келген мезгилде бул майрам 8-Март күнүнө өткөн.
Франция
Аталган өлкөдө да бул майрам кеңири белгиленбейт. Француздар да германиялыктардай эле айымдардын күнү деп май айындагы Энелер күнүн белгилешет.
Италия
Башка Европа өлкөлөрүнөн айрымаланып Италияда 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүн майрамдашат, бирок бул күн эс алуу күнү эмес. Бул майрамды айымдар өздөрүнчө майрамдап ар кандай көңүл ачуучу жайларга барып эс алышат.
Болгария
8-Март күнү Болгарияда иш күнү жана расмий мамлекеттик майрам эмес. Буга карабастан өлкө жарандары бул майрамды кесиптештеринин же досторунун курчоосунда белгилешет. Социологдордун айтымында бул күнү эркектерге караганда аялдар бири-бирин майрамы менен көп куттукташат.
Орусия, Украина, Беларусь
КМШ өлкөлөрүнүн катарын толуктаган бул өлкөлөрдө 8-Март расмий мамлекеттик майрам болуп эсептелет. Аталган күнү айымдар куттуктоолорду, түрдү белектерди алышат. Бул күнү сатылган гүлдөрдүн саны 14-февраль сүйүшкөндөр күнүндө сатылган гүлдөрдүн санынан үч эсе көп.