Эртең футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын 1-этабынын чечүүчү беттештери орун алат

Эртең, 9-мартта футзал боюнча өлкө биринчилиги Суперлига Бишкек шаарында уланат. Анда Суперлиганын 1-этабынын чечүүчү беттештери өткөрүлөт. Беттештер Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат.

Учурда Суперлиганын турнирдик жадыбалында 14 оюндун жыйынтыгы менен 34 упай топтогон бишкектик "Алга" мини футболдук клубу 1-орунда келе жатат. Анын артынан 13 беттеш өткөргөн Оштун "EREM" командасы 31 упай менен 2-орунда. Ал эми 3-орунда 27 упай топтогон бишкектик "Фарватер" командасы келе жатат.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке 9 команда катышып, 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-4-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.

"А" тайпасы: "EREM" (Ош), "Баткен" (Баткен), "Жалал-Абад" (Жалал-Абад).

"В" тайпасы: "Мурас" (Ысык-Көл облусу), "Фарватер" (Бишкек), МФК "Жакшылык" (Бишкек).

"С" тайпасы: "Бакубат Талас" (Талас), "Алга" (Бишкек), "Sun City" (Бишкек).

Оюндардын убактысы:

9-март:

14:00 "Жакшылык"–"EREM"

16:00 "Фарватер"–"Баткен"

18:00 "Мурас"– "Жаш Муун"

20:00 "Бакубат Талас"–"Алга"

10-март:

14:00 "Sun City"–"Бакубат Талас"

16:00 "Мурас"–"Баткен"

18:00 "Жакшылык"–"Жаш Муун"

20:00 "Фарватер"–"EREM"

11-март: (так убактысы белгилүү боло элек)

"Жакшылык"–"Баткен"

"Фарватер"–"Жаш Муун"

"Мурас"–"EREM"

"Алга"–"Sun City"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
murat17
2018-03-08 19:16:20
Эрем алга
0
taalai9411
2018-03-08 23:14:44
Ысык-кол Алла Москва олтуруп коштоп турам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан