Америкалык ырчы Ашер жубайы менен ажыраша турганын жарыялады

Америкалык ырчы Ашер 10 жыл бирге түтүн булаткан жубайы жана мурунку менеджери Грейси Мигэль менен ажырашат. Бул тууралуу ал өзү чет элдик басылмаларга билдирген.

"Мындай чечимге жубайым экөөбүз бирге келдик. Биз мурункудай эле бири-бирибизге көз карандыбыз жана жакшы достордон болуп калабыз", - деген ал.

Белгилей кетсек, Ашер өзүнөн 10 жашка улуу жубайы Мигэль менен 8 жыл чогуу жашаган соң, расмий түрдө никеге турган. Бирок белгисиз себептерден улам соңку убактарда экөө эки бөлөк жашап жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Бул ырчынын экинчи никеси эле. Ал буга чейин Тамека Фостер аттуу айым менен бирге түтүн булатып, 2 балалуу болгон соң ажырашып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан