Самаргүл Адамкулова Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси болуп дайындалды

Самаргүл Адамкулова Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин бул кызматты Жусупбек Шарипов аркалап келген. Ал ноябрь айында Кыргыз мамлекетинин Украинадагы элчиси болуп дайындалган.

Самаргүл Адамкулова өлкөнүн Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. Адамкулова 1968-жылы 9-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан