Кыргыздын "Кентавр" тасмасы "Ника" киносыйлыгына талапкер болду

Актан Арым Кубат режиссёрлук кылган "Кентавр" тасмасы Орусиянын "Ника" киносыйлыгына талапкер болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG`ге режиссёр өзү билдирди.

"Жакында эле "Ника" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси аныкталып, "Кентавр" тасмасы "КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясы боюнча 5 талапкердин катарына кирди. Сыйлыкты тапшыруу салтанаты 1-апрелде Москва шаарында өтөт", - дейт режиссёр.

Белгилей кетсек, Орусиянын улуттук "Ника" сыйлыгы 1987-жылы негизделип, кино жаатындагы мыктыларга ыйгарылып келет. Буга чейин Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы да аталган сыйлыкка талапкер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Karban86
2018-03-08 18:16:13
Азаматсыз, ишинизге ийгилик
-2
jbolotov
2018-03-08 19:14:19
Кыргыз элин маскаралаган, жапайы, каада салтты билбеген элдей кылып кино тартканы учун бул кишини камаш керек чынында. Ушинтип сыйлык албац эле кой.
+1
jbolotov
2018-03-08 19:16:53
Ар бир мамлекет озунун маданиятын котормолоп улуу эл кылып кино тартат. Мисалга Туркия Эр Тогрул, Султан Сулайман. Монголия Чынгыз Хан. А бизде ушул ХХХХ Кыргызды эл аралык коомчулука шерменде кылды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан