Бүгүн, 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү. Бул майрам Кыргыз мамлекетинде да унутта калбай, шаңдуу маанайда белгиленип келет. Мындан улам SUPER.KG порталы Бишкектин көчөлөрүн, базарларын кыдырып, айымдардын майрамдык маанайын көрүп кайтты. Айрымдары бүгүн майрам экенине карабай күнүмдүк соода иштери менен алектенсе, кээ бирлеринин балдарын ээрчитип шаар аралап жүргөнүн көрүүгө болот.