"Иракта түрмөдө Кыргыз өлкөсүнүн жарандары делген 3 аял балдары менен камалып жатат" деп тараган маалымат боюнча "Кылым шамы" уюму Эл аралык "Кызыл крест" уюмуна кайрылды. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.
"Маалымат тарагандан кийин эле "Кызыл крест" уюмуна "Ирак түрмөсүндө жаткан аялдардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары барбы?" деген суроо менен кат жолдодум. Бул уюмдун колунда түрмөлөргө киргенге, түрмөнүн ички шарттарын билгенге, жадакалса ар бир адам тууралуу маалымат чогултканга укугу бар. Менин катымда, эгер Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болсо алардын шарты кандай, тилмечтери барбы, балдарынын акыбалы тууралуу билүүнү көздөгөнүм баяндалды. Азырынча жооп келе элек. Бирок бул маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, катты мен эмес өкмөт жолдосо, жообу эртерээк келмек", - дейт укук коргоочу.
Белгилей кетсек, орус басылмалары Ирак абагында 100дөн ашык аял балдары менен кармалып турганын жазып чыгышкан. Ал маалыматта Орусия Федерациясынын Кеңеши жана Чечен өлкөсүнүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү өкүлүнүн билдиргенине ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары анын ичинде 100дөн ашуун орусиялык айымдар балдары менен жана 3 кыргыз айымы 10 баласы менен Ирактын түрмөсүндө соттун чечимин күтүп жатышканы айтылган. Ирак бийлиги аларды террорчулукка жана өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп күнөөлөп, камакка алганы маалымдалган. Кармалган аялдар Иракка "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү болгон күйөөлөрү тарабынан алынып барылганы айтылат.