“Ливерпуль” футболдук клубунун жылдызы жанып турган оюнчусу Мохамед Салах Каирдеги онкологиялык бейтапканага 550 миң еврого медициналык жабдыктарды алып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу балдар ооруканасына баш сөөктөгү ракты аныктоочу каражатты өз акчасына сатып берген. Ал буга чейин баш сөөгүндө рагы бар баланы да өз каражатына дарылаткан.
Белгилей кетсек, 24 жаштагы египеттик футболчу 2017-2018-жылдагы сезондун алкагында 38 оюнда 32 гол киргизген. Учурда Англия Премьер Лигасынын 29-турунан кийин 24 гол жаратып, бомбардирлер жарышында “Тоттенхемдин” 24 гол киргизген оюнчусу Харри Кейн менен сап башын талашып келе жатат. Аны өткөн жылы “Ливерпуль” футболдук клубу Италиянын “Рома” клубунан 42 миллион еврого сатып алган.