"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 1965-жылы 9-мартта Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Тверь мамлекеттик университетинен тарыхчы, Кыргыз мамлекеттик университетинен юрист адистигине ээ болгон.
1982-1987-жылдары Ош облусунун Өзгөн районундагы совхоздун жумушчусу;
1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министринин референти, "Түрк ааламы" гезитинин башкы редактору;
1992-1994-жылдары Мамлекеттик телерадио компаниясынын балдар жана жаштар программаларынын башкы редактору;
1995-2005-жылдары Жогорку Кеңештин алгачкы үч чакырылышынын депутаты.
2006-жылдын апрель айында вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу;
2006-2007-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик катчысы;
2007-2008-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы;
2008-2009 -жылдары Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
2013-2015-жылдары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары.
9-мартка карата жылнаама.