Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын өзөктүк куралдарды сыноодон өткөрүүнү токтотуп, АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу Түштүк Кореянын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Чон Ый Ён маалымат каражаттарына билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен Трамп менен болгон жолугушууда Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын өзөктүк программасын токтотууга даяр экенин айттым. Президент Ким Чен Ын мындан ары өзөктүк жана ракеталык сыноолорду токтото турганын убадалаган. Ал АКШ лидери менен жолугушууну мүмкүн болушунча эрте өткөрүүгө макулдугун билдирген. Трамп Түндүк Кореянын президенти менен ушул жылдын май айына чейин сүйлөшүү боло турганын айткан", - дейт Чон Ын Ён.