Кипр өлкөсүнүн жараны эмчек сүтүн сатып 4 миң 500 евро киреше тапты. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Рафаэла Лампру өзүнүн эмчек сүтүн сатып каражат табат. Бул сүттү мырзалар өзүнүн булчуң эттерин чоңойтуу үчүн сатып алышат.
Лампру 7 ай мурун көз жарган. Ал балалуу болгон соң эмчек сүтү көп бөлүнүп чыккандыктан, ден соолугуна зыян келбеш үчүн атайын каражат менен саап турууга аргасыз болгон. Жөн эле төгүлүп жаткан сүтүн көргөн Рафаэла аны керектөөчүлөргө интернет аркылуу сатууну туура көргөн. Ал ушул мезгилге чейин 500 литрге жакын сүттү 4 миң 500 еврого саткан.
Жаш эненин айтымында, ал алгач сүтүн баласын эмизе албай жаткан аялдарга берип турчу, бирок кийинчерээк сүт сатып алуу максатында ага эркектер дагы кайрыла баштаган. Ал мырзалар эмчек сүтү алардын спорттук тамактануусунун бир бөлүгү экенин билдиришкен.
"Албетте, эмчек сүтүн саткан бир аз башкача угулуусу мүмкүн. Бирок өзүңдө ашыкча болуп жаткан азыкты сатса болот деп ойлойм. Дагы канча убакыт мен өзүмдүн сүтүмдү сатам азыр билбейм", - деген Лампру.
Ошондой эле ал жолдошу бул ишке каршы эмес экендигин кошумчалаган.