Бүгүн, 9-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жөлөк пул жөнүндө мыйзам Жогорку Кеӊеш менен өкмөттүн ортосунда талаш жаратууда. Өкмөт парламенттен жөлөк пул мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү 1-окууда кабыл алып берүүнү сунуштап, депутаттар 7-мартта долбоорду Жогорку Кеӊеште кароодон баш тартып коюшту.
Жөлөк пул берүү системи коррупциялашып бүткөнү, жөлөк пулга муктаждарды аныктоо механизми адилетсиз экени көптөн бери айтылып жүрөт. Мисалы, үй-бүлөнүн 1 айлык кирешеси үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлө келгенде 1 адамга 900 сомдон ашып кетсе, алар жөлөк пул ала алышпайт. Ошондой эле үйдөгү 1 унаа үй-бүлөнү жөлөк пул алуу укугунан ажыратат. Ал унаа киреше табабы же таппайбы айырмасы жок.
Ушундай көрүнүш жоюлат деп Жогорку Кеӊеш 2017-жылы 21-июнда "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген. Мыйзамдан "аз камсыздалган үй-бүлө" деген түшүнүк жоюлуп, ордуна "балага сүйүнчү", "балага жөлөк" жана "үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилген. Ага ылайык, балдарга жөлөк пул үй-бүлөнүн 1 айлык кирешесине, жашоо шартына жараша эмес, жаӊыча 3 категория боюнча тегиз берилүүгө тийиш эле. Мисалы, жаӊы төрөлгөн ымыркайга бир жолу 4 миӊ сом сүйүнчү акча берилет. 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга ай сайын 500 сомдон жөлөк пул берүү каралган эле. Учурда өлкөдө 300-350 миӊдей бала жөлөк пул алып жатса, бул мыйзам иштей баштаса 650 миӊдей бала жөлөк пул ала баштаары айтылган.
Демилге талкууланып жатканда каршылар да чыккан. Жогорку Кеӊештин айрым депутаттары жаӊы мыйзамга ылайык байлар дагы мамлекеттен жөлөк пул ала баштаарын, ал эми 3-16 жаш курагында 1 же 2 баласы бар жакыр үй-бүлөлөр такыр эле жөлөк пул албай калат дешти. Мыйзамга 1-августта экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон, ал 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Бирок 25-августта премьерликке дайындалган Сапар Исаков мыйзамды 1-январда күчүнө киргизүүгө каршы чыкты. Жаӊы жылдан тарта жаӊы төрөлгөн балдарга 4 миӊ сомдон сүйүнчү акча берүүнү гана ишке киргизип, калганын 2018-жылдын 1-апрелине чейин жылдыра турууну сунуштады. Бул позициясын өкмөт "жаӊы мыйзам күчүнө кирсе 30 миӊ бала жөлөк пул алчулардын тизмесинен чыгып калат экен" деп түшүндүрдү. Сунушту Жогорку Кеӊештин депутаттары 27-декабрда талаш-тартыш менен колдоп, мыйзамды кайра иштеп чыгууга 3 ай мөөнөт беришкен. Күтүлгөндөй эле марттын башында өкмөт Жогорку Кеӊештин кароосуна жөлөк пул боюнча мыйзамдын жаӊы вариантын киргизип, аны 2 комитет чукулунан карап берди. Жаӊы мыйзам долбоорунда эмне өзгөрүүлөр бар?
Негизги өзгөртүү - өкмөт жөлөк пул берүүдө азыркыдай эле үй-бүлөнүн кирешеси эске алынышы керек дейт. Ага ылайык, эми үй-бүлөнүн 1 айлык кирешеси жан башына бөлгөндө 1 адамга 1400 сомдон ашпаса ал үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алышат. Мурда 900 сомдон ашпоого тийиш эле. Ошондой эле мыйзамдан "балдарга жөлөк" категориясы жоюлат. Анын ордуна жалпы 1 жаштан 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө 1 бала үчүн 810 сомдон (учурда 874 сом) жөлөк пул берүүнү сунуштап жатат. Кептин баары ошол муктаждарды туура аныктоодо. Ошентип, 2017-жылкы президенттик шайлоо алдында "баарыӊарга тегиз жөлөк пул берилет" деген убаданын аткарылышы арсар. Жөлөк пулдун башка түрлөрү, мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн жөлөк пул боюнча да мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Балдардын укугун коргоо боюнча өкмөттүк эмес уюмдар Жогорку Кеӊешке кайрылуу жөнөтүштү. Анда сунушталып жаткан мыйзамга бюрократиялык нормалар кирип жатканын, бул коррупцияга жол ачышы мүмкүн экенин эскертишти. Жогорку Кеӊештин депутаттары да мыйзам долбоору чийки экенин айтып, документти шашпай, ийне-жибине чейин тактайлы деп турушат. Ал эми 4 миӊ сомдон сүйүнчү акча учурда берилип жатат. Бирок аны берүүдө ата-энелерден 500 сомдон талап кылынып жатканын Жогорку Кеӊеште депутаттар айтып чыгышты. Кыскасы, өкмөттүн жаӊы мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талаш 2017-жылы кабыл алынып, аткарууга келгенде өкмөт баш тарткан мыйзамдын чуусунан ашып түшчүдөй. Мыйзамды шашылыш кароого каршы болгондордун арасында коалициялык көпчүлүктөгү депутаттар да арбын болду. Учурда элде парламентке сын-пикир күч. 1 жыл мурун өзү кабыл алган мыйзамды кайра жокко чыгарып, ордуна башка мыйзамды кабыл алуу парламентке жеңил болбой турганы түшүнүктүү...