Футболчу Давиде Асторини акыркы сапарга узатууга 10 миңден ашуун адам келди

Италиянын Флоренция шаарында футболчу Давиде Асторини акыркы сапарга узатышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Фиорентина" футболдук клубунун оюнчусу Давиде Астори менен коштошууга Италиянын белгилүү адамдары, футболчулары жана 10 миңден ашуун күйөрмандар келишти.

Айта кетсек, Давиде Астори 4-мартка караган түнү Удине шаарындагы мейманканада көз жумган. 31 жаштагы футболчунун өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон.

Давиде Астори акыркы 3 жылда Италиянын "Фиорентина" футболдук клубунда коргоо бөлүгүндө ойногон, клубу менен 91 беттешке катышып, 3 гол жаратканга жетишкен. Буга чейин Астори "Пиццигеттоне", "Кремонезе", "Кальяри" жана "Рома" футболдук клубдарында ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Refiri87
2018-03-09 10:18:49
Бунун эмне кереги бар бизге
-15
emka96kg
2018-03-09 12:27:49
Refiri87, бул сага керек деп чыгарган жок. Бул деген дуйнолук жанылык,а сен сонку кабар деген болумдо журосун. Тим эле укмуш акылдуу болуп кетесинер да. Же супер атайын сага керектуулорун тандап чыгарсынбы?
+12
Travmatolog
2018-03-09 16:56:26
emka96kg, хи-хи-хи жайладынго.
+5
Nevestkaa
2018-03-09 11:33:13
Жаназага адам көп келсе жакшы болот дешчү эле же бул мусулмандарга гана тиешелүүбү?
+5
Azat.97
2018-03-09 14:00:14
Nevestkaa,булар жаназа окубайт да
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан