Улуу Британиянын Бери-Сент-Эдмундс шаарындагы эң бою узун өспүрүм деп аталган Брэндон Маршалл Уэльс Улуттук баскетбол тайпасында машыга баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Брэндондун бою 9 жашынан баштап тез өсө баштаган.
"Ал 13 жашка толгондо бою 183 сантиметрге жеткен. Ал эми 2017-жылы анын бою 2 метр 11 сантиметр болгон. Адистердин айтымында, Брэндондун бою дагы да өсүүдө, 16 жаштагы өспүрүмдүн бою азыркы учурда 2 метр 24 сантиметрди түзөт. Жаш спортчу алгач Улуттук Лига тайпасынын курамында ойноп келген, азыр болсо Уэльс Улуттук баскетбол тайпасынын курамына кирди. Учурда ал бир айдан кийин Литвада өтүүчү таймашка даярданып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, учурда Брэндондун боюнун узундугу ага көп көйгөйдү жаратып келет. Мисал катары ага ылайыктуу кийимдин, айрыкча 52-өлчөмдөгү бут кийимдин жоктугу аны түйшөлтөт. Жаш спортчунун апасынын айтымында, анын мүнөзү түнт жана ал көңүл чордонунда болгонду жактыра бербейт.
"Элдер анын боюн айтып калса, ал: "Ооба, узун бойлуу баламын. Улуу Британиядагы эң узун бойлуу бала мен" деп сүйлөнө баштайт", - деп билдирген апасы.
"Гиннесстин рекорддор китебинин" эрежесине ылайык, дүйнөдөгү эң бою узун адам катары америкалык Брок Браун 2 метр 34 сантиметр бою менен катталган. Бирок ал мындай титулдан 2017-жылы 20 жашында ажыраган. Анткени боюнун узундугу 2 метр 51 сантиметр болгон киши табылып, дүйнөдөгү эң бою узун наамы ошого ыйгарылган.