Орусиянын Москва шаарындагы "Охотный ряд" соода борборунда бомба коюлган деген жалган маалыматтан улам имараттан миңге чукул адам эвакуацияланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 8-март күнү эртең менен белгисиз адам укук коргоо органдарына Москва шаарындагы "Охотный ряд" соода борборунда бомба коюлган деп кабарлаган. Ага байланыштуу имараттан миңге чукул адам эвакуацияланган. Кийин текшерүү иштеринин натыйжасында бомба табылган эмес.
Ошондой эле аталган маалыматта бомба коюлган деген анонимдүү билдирүүлөрдүн толкуну 2017-жылдын 11-сентябрынан тарта башталганы, анын алкагында өлкөнүн 180 шаарында 3 миң 500 имаратка бомба коюлган деген жалган билдирүү түшкөнү айтылат. Анда 2 миллион 500 миң адам эвакуацияланып, жалпы чыгымдын суммасы 150 миллион рублга чукулдаган.