Кыргыз балбандар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарды ээлешти. Каныбек Жолчубеков жана Урмат Аматов 1-орунда жайгашса, Акжол Махмудов 2-орунду ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын балбандары Каныбек Жолчубеков жана Урмат Аматов өз салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде 1-орунда жайгашты.

Аталган рейтинг 27-28-февраль аралыгында Бишкек шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунан кийин жаңыланган. Анда Кыргыз балбандары 55, 60, 63, 72, 82, 87, 97 жана 130 килограммга чейинки салмак категориялардагы рейтингде орун алышкан.

Каныбек Жолчубеков дүйнөлүк рейтингде 1-орун

60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Каныбек Жолчубеков рейтингдик мелдештерге катышып, 36 упай менен бул салмак категорияда 1-орунду ээледи. Каныбек Жолчубеков Азия чемпиондугунда коло байге үчүн ирандык Ширзад Бехештитала менен беттешкен. Кызуу беттештин жыйынтыгында Каныбек Жолчубеков 10 упайга ээ болуп, 3 упай топтогон ирандык балбандын үстүнөн жеңишке жеткен.

Айта кетсек, Жолчубеков рейтингдеги алгачкы упайын "Тахти кубогунда" алтын медалды жеңген соң алган, анда Кыргыз балбаны 17 упайдын ээси болуп февраль айындагы дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеген.

Урмат Аматов - дүйнөлүк рейтингде 1-орун

63 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Урмат Аматов рейтингдик мелдештерге катышып, 30 упай менен бул салмак категорияда 1-орунду ээледи. Урмат Аматов Азия чемпиондугунда финалдык бөлүккө чейин жеткен, анда алтын медаль үчүн беттеште Кыргыз балбаны өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен кез келген. “Рио-2016” Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Тасмурадов Урмат Аматовго мүмкүнчүлүк бербей 8:0 эсеби менен жеңип алган. Муну менен Кыргыз балбаны күмүш медалдын ээси болгон.

Айта кетсек, Урмат Аматов "Тахти кубогунда" коло медаль жеңип алып, дүйнөлүк рейтингде 3-орунду ээлеген.

Акжол Махмудов - дүйнөлүк рейтингде 2-орун

72 килограммга чейинки салмак категорияда атын чыгарып, Кыргыз желегин желбиреткен балбан Акжол Махмудов 24 упай менен дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи. Акжол Махмудов Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз капчыгына жалгыз алтын медалды алып келген. Финалдык беттеште Акжол Махмудов казакстандык Демеу Жадраев менен кездешкен. Беттештин жыйынтыгында казак балбан өз эсебине 6 упай топтосо, Акжол Махмудов 8 упай топтоп жеңишке жеткен.

Атабек Азисбеков - дүйнөлүк рейтингде 2-орун

82 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан Атабек Азисбеков 20 упай топтоп дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи. Азисбеков Азия чемпиондугунда атаандаштарын жеңип, алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Финалдык беттеште Атабек Азисбеков казакстандык Асхат Дилмухамедов менен кез келген. Кызуу беттештин жыйынтыгында казакстандык балбан 5:2 эсеби менен жеңишке жетсе, Кыргыз балбаны күмүш медалдын ээси болгон.

Жоламан Шаршенбеков - дүйнөлүк рейтингде 3-орун

55 килограммга чейинки салмак категориядагы Кыргыз балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 20 упай менен 3-орунду ээледи. Шаршенбеков Азия чемпиондугунда финалдык бөлүккө чейин жеткен, анда ал япониялык Шота Танокура менен күч сынашкан. Беттештин жыйынтыгында, япониялык балбан 5 упай топтоп алтын медалды илип кетсе, Кыргыз балбаны күмүш медалды тагынган.

Үзүр Жусупбеков - дүйнөлүк рейтингде 4-орун

97 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Үзүр Жусупбеков 18 упай менен дүйнөлүк рейтингде 4-орунду ээледи. Азия чемпиондугунда Үзүр коло медаль үчүн күрөштө түштүк кореялык Хакбон Гу менен кез келген. Кызуу беттештин жыйынтыгында Үзүр Жусупбеков 6:4 эсеби менен атаандашынын үстүнөн жеңишке жетип, коло медалды тагынган.

Ошондой эле 63 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Калы Сулайманов, 87 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Азат Бейшебеков жана 130 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Мурат Рамонов дүйнөлүк рейтингде 6-орунду ээлешти. Азат Бейшебеков менен Мурат Рамонов Азия чемпиондугунда коло медалдарды жеңип алышса, Калы Сулайманов Азия чемпиондугуна катышпай калган. Бирок Сулайманов "Тахти кубогунда" алтын медалды жеңип алып, февраль айындагы рейтингде 15 упай менен 1-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aman0296
2018-03-09 11:51:52
Азаматтар!
+1
Adilet2014
2018-03-10 19:37:19
Ошол рейтингдин ссылкасын айтып коесуздарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан