Мексикада аялдар каршылык акциясы катарында бактарга турмушка чыгышты

Мексикада аялдар каршылык акциясы катарында бактарга турмушка чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Мексиканын Оахака шаарында бир нече аял бактарга турмушка чыкты. Алар өздөрүнүн мындай кадамы менен коомчулукту жаратылышты коргоого, анын ичинен бактарды мыйзамсыз кыюуну токтотууга чакырышкан.

"Биз бакка турмушка чыгып жатканда өзүбүздүн моюнубузга жаратылышты коргоо жоопкерчилигин алдык. Азыркы мезгилде адамдар жаратылышка көптөгөн зыяндарды алып келишүүдө. А мен болсо бакты коргоп калуу үчүн ага турмушка чыктым", - деп билдирген кыздардын бирөөсү.

Бул окуя коомчулуктун көңүлүн жаратылыш маселесине гана бурбастан, өзгөчө никелердин күйөрмандарын да кубанткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
bond02
2018-03-09 14:16:22
менин да уйдо жакшы коргон бир туп алмам бар эле картайып баратат ушулардан бирди алып берет окшойм аялдыкка, кереги тийет эле да мага дагы.
+17
Dimonbek
2018-03-09 14:18:21
Кармашкан колунар узулбосун. Бактылуу болгула))
-2
karakulja
2018-03-09 14:24:38
Бутака отурабы ошондо буларын?
+1
langar
2018-03-09 14:51:29
Башка кылаарга ишинер жокбу
+5
zhykyo
2018-03-09 15:05:23
Бак мени эми сен бак
+3
Agayu
2018-03-09 15:06:59
Кулку кулку ден - соолуктун мулку бир кулуп алдык.
+3
Agayu
2018-03-09 15:07:46
Бул жиндилер барып барып озуно озу уйлонушотго
+3
anandi
2018-03-10 00:24:32
Agayu,андай деле болбоду беле
0
orozaliev86
2018-03-09 15:24:17
Ооой энен ХХХХ
0
NURTILEK_KG
2018-03-09 15:35:01
Турмушка чыкпай эле жаратылышты сактаса болбойт бекен эмне.
+10
Iridiym95
2018-03-09 15:48:35
Алдыңарды алма, артынарды алча басып көп мөмөлүү болгула!кийинки жылы алма как тоюңарга чакыргыла!
+14
tusso
2018-03-09 16:22:59
Ушул кантип болсун
+4
Nukeww
2018-03-09 19:12:04
тиги бир бакты экоо ооп турушат ко. Бироосу биринчи аялы,а бироосу экинчиси болуп тийдиби?!
+4
amirrus
2018-03-09 20:14:23
бутагы шиш анан жоон бактарга тийгиле айымдар ха ха ха
+3
Salaf
2018-03-09 21:55:04
Мына батыштын маданияты, биздин кеебирки батышты ээрчиген, өздөрүнчө маданияттуу болуп жүргөндөргө да ишениш жок, аллеялардагы арчаларды кучактабашына.
+1
Nurmat92
2018-03-10 00:46:56
Биздин айылга алып келип жарылган отундарды көрсөтсө булар кошок кошот го ээ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан