Бүгүн, 9-мартта футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын 1-этабынын чечүүчү алгачкы беттештери орун алат. Анда Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) 8 команда өз ара беттешет.
Учурда Суперлиганын турнирдик жадыбалында 14 оюндун жыйынтыгы менен 34 упай топтогон бишкектик "Алга" мини футболдук клубу 1-орунда келе жатат. Анын артынан 13 беттеш өткөргөн Оштун "EREM" командасы 31 упай менен 2-орунда. Ал эми 3-орунда 27 упай топтогон бишкектик "Фарватер" командасы келе жатат.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке 9 команда катышып, 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-4-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.
"А" тайпасы: "EREM" (Ош), "Баткен" (Баткен), "Жалал-Абад" (Жалал-Абад).
"В" тайпасы: "Мурас" (Ысык-Көл облусу), "Фарватер" (Бишкек), МФК "Жакшылык" (Бишкек).
"С" тайпасы: "Бакубат Талас" (Талас), "Алга" (Бишкек), "Sun City" (Бишкек).
Оюндардын тизмеси (Бишкек убатысы боюнча):
14:00 "Жакшылык"–"EREM"
16:00 "Фарватер"–"Баткен"
18:00 "Мурас"– "Жаш Муун"
20:00 "Бакубат Талас"–"Алга"