Кыргыз балбаны Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 3-орунду ээледи. Улукбек Жолдошбеков 4-орунда

Эркин күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын балбаны Муслим Евлоев өз салмак категориясында Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин (UWW) рейтингинде 3-орунду ээледи.

Аталган рейтинг 3-4-март аралыгында Бишкек шаарында өткөн эркин күрөшү боюнча Азия чемпиондугунан кийин жаңыланган. Анда Кыргыз балбандары 61, 65, 70, 74, 97 жана 125 килограммга чейинки салмак категориялардагы рейтингде орун алышкан.

Муслим Евлоев - дүйнөлүк рейтингде 3-орун

Эл аралык мелдештерге Кыргыздын атынан чыгып, туусун желбиреткен, Ингушетиянын күрөш мектебинин тарбиялануучусу Муслим Евлоев 24 упай менен 74 килограммга чейинки салмак категорияда 3-орунду ээледи. Бул упайларды Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда топтогон. Анда финалдык беттеште Евлоев монголиялык Ганзоригийн Мандахнаран менен беттешип, анын үстүнөн жеңишке жеткен.

Бул салмак категорияда 1-орунда монголиялык Ганзоригийн Мандахнаран жайгашкан. Ал 2018-жылы "Иван Ярыгин" мелдешинде 5-орунду ээлеп, Азия чемпиондугунда 2-орунду ээлегени үчүн 32 упайга ээ болгон.

2-орунда 30 упай топтогон түркмөнстандык Давлетмурат Оразгылыжов жайгашкан. Ал 2018-жылы "Иван Ярыгин" мелдешинде 3-орунду, "Тахти кубогунда" жана Азия чемпиондугунда 5-орунду ээлеген.

Улукбек Жолдошбеков - дүйнөлүк рейтингде 4-орун

61 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков 20 упай топтоп дүйнөлүк рейтингде 4-орунда жайгашты. Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн беттеште ирандык Мохтар Садежикуканд менен кез келген. Кызуу беттештин жыйынтыгында Жолдошбеков 6:0 эсеби менен атаандашынын үстүнөн жеңишке жетип коло байгеге ээ болгон.

Бул салмак категорияда 1-орунду өзбекстандык Аббос Рахмонов ээледи. Ал 2018-жылы "Иван Ярыгин" мелдешинде 5-орунду жана Азия чемпиондугунда 5-орунду ээлеп, 32 упайга ээ болгон.

2-орунда казакстандык Нурислам Санаев жайгашты, ал Азия чемпиондугунда 1-орунду багындырып, 24 упайга ээ болгон.

Ал эми 3-орунда япониялык Казуя Коянаги жайгашкан, ал Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси болуп, 22 упайга ээ болгон.

Айбек Усупов - дүйнөлүк рейтингде 7-орунда

97 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Айбек Усупов 17 упай менен дүйнөлүк рейтингде 7-орунду ээледи. Айбек Усупов упайларды "Тахти кубогунда" жана Азия чемпиондугунда топтогон. Азия биринчилигинде Усупов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Анда ал япониялык Такеши Ямагучи менен беттешип, 3:6 эсебинде жеңилип калган. Ал эми "Тахти кубогунда" Айбек Усупов 3-орунду ээлеген.

Бул салмак категорияда 1-орунда өзбекстандык Магомед Ибрагимов жайгашкан. Ал 2018-жылы "Иван Ярыгин" мелдешинде 3-орунду жана Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеп 36 упайга ээ болду.

2-орунду ирандык Можтаба Голеиж ээледи, ал Азия чемпиондугунда күмүш медалын тагынып 21 упайга ээ болду.

3-орунда 19 упай менен япониялык Такеши Ямогучи жайгашкан, ал Азия чемпиондугунда 3-орунду ээлеген.

Ошондой эле 65 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Эрназар Акматалиев жана 70 килограммга чейинки салмак категориядагы Эламан Догдурбек уулу 18 упай менен, ал эми 125 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан Мурат Рамонов 17 упай менен дүйнөлүк рейтингде 10-орунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан