Волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулунун Таиланддын Суперлигасынын алкагында атаандаштары белгилүү болду

Волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулунун Таиланддын Суперлигасынын алкагында атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, волейбол боюнча Таиланд чемпиондугунун 2017-2018-жылдын жыйынтыгында 6 команда "Thai-Denmark Super League" мелдешинде катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Аталган мелдештин алкагында командалар 2 тайпага бөлүнүп, тайпалык баскычтын жыйынтыгында 4 команда жарым финалга аттанат.

Оңол Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" чүчүкулактын жыйынтыгында "В" тайпасына туш келип, "Космо Чанг Рай" жана "Самасун Ратчабури" командалары менен беттешет. Тайпалык баскычтын беттештери 28-30-мартта өтөт.

Эске салсак, Оңол Каныбек уулу командасы менен Таиланд чемпиондугунун күмүш медалдарынын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан