Депутаттар балдарга жөлөк пул берүү боюнча маселени эмне үчүн кароодон баш тартканын түшүндүрүштү

Учурда балдарга жөлөк пул берүү боюнча өкмөт сунуштаган мыйзамдын тегерегинде коомдо түрдүү кептер айтыла баштады. 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бул долбоорду күн тартибине киргизүү боюнча талаш-тартыш жаралган. Айрым депутаттар маселени жыйында кароого "каршы" деп добуш бергенин долбоор менен таанышып чыга электиги менен түшүндүрүшүүдө.

Депутат Зиядин Жамалдинов бул долбоорду жакшылап иликтөө үчүн депутаттар күн тартибине киргизүүгө макулдук бербегенин белгиледи.

"Бизге өкмөт мыйзамдын долбоорун алдын ала берген жок. Комитеттин кароосунан өткөрүп алып, жалпы жыйында күн тартибине алып чыгып жатат. Биз ал мыйзам менен таанышкан жокпуз. Ошондуктан мен мыйзамды жалпы жыйында кароого каршы чыккандардын бири болдум. Эми алар күн тартибине киргизсе, мыйзам долбоорун карап, окуп, талдап чыгышыбыз керек. Биз болгону билбей, окубай туруп мыйзамды талкуулаганга каршы болдук", - деди Жамалдинов.

Мыйзамды Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети карап, биринчи окууда колдогон болчу. Комитет мүчөсү Тазабек Икрамов өкмөттүн суранычы менен комитет мыйзамды биринчи окууда колдоп бергенин айтты.

"Бизге комитет жыйынына келгенде мыйзам шашылыш келди. Ошондуктан биз мыйзам долбоору менен таанышкан жокпуз. 2009-жылдагы эски мыйзам эч кандай өзгөртүүсүз келе жатат деп айтылып жатат, бирок биз ал материалдар менен таанышкан жокпуз. Өкмөт "шашылыш өткөрүш керек, биринчи окууда концепциясын өткөрсөк, кийин экинчи окууда өзгөртүүлөрдү сунуш кылганда кабыл алабыз" деп келген. Комитетте өкмөт концепцияны кабыл алууну суранып, биз аны колдоп бергенбиз. Азыр мыйзам кандай өзгөртүүлөр менен келе жатканын билбейбиз", - деди Икрамов.

Депутат Каныбек Иманалиев аталган мыйзам бир канча мыйзам бузуулар менен келгендиктен, депутаттар аны кароодон баш тартканын айтты.

"Негизи бул мыйзам башында эле шайлоого карата реалдуу эмес эсептелген мыйзам болчу. Азыркыда регламент да бузулду. Эреже боюнча жаңы мыйзам келе жатканда комитет жыйынынан өтүшү керек. Коомдо чуу жараткан мыйзам сөзсүз коомдук угуудан өтүшү керек. Бул эрежелер сакталбай, Жогорку Кеңештин сайтына да илинбей тийиштүү комитетте да каралбай мыйзам бузуу менен келе жатат", - деди Иманалиев.

Регламентке ылайык, мыйзам долбоору каралганга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен депутаттарга берилиши керек. Ал эми Жогорку Кеңеш мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгын 10 жумушчу күндөн кем эмес, 30 жумушчу күндөн ашык эмес убакытта кароого тийиш. Мыйзам Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети аркылуу үч окууда каралат.

Белгилей кетсек, 7-мартта Жогорку Кеңеште бул мыйзам долбоорду күн тартибине киргизүү боюнча талаш-тартыш жаралган. Айрым депутаттар мыйзам долбоорду терең изилдеп, шашылбай кароону сунуштаган. Алар мыйзам долбоору боюнча аймактарда коомдук талкуу өтүшү керектигин айткан. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү парламентте каралгандан кийин деле коомдук талкуу өткөрсө боло турганын белгилеген. Бирок жыйынтыгында мыйзам долбоору күн тартибинен алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан