Белгилүү аткаруучу Жах Халибдин (Jah Khalib) жаңы жарык көргөн "Медина" аталышындагы ырынын клибине кыргыз каскадёрлору тартылды.
Маалым болгондой, клип Казакстанда тарыхый стилде тартылган. Ага Кыргыздын "Nomad Stunts" каскадёрлор тобунун каскадёрлору катышкан. Клип 6-мартта коомчулукка жарыяланып, 3 күндүн ичинде 2 жарым миллиондон ашуун кароо топтогон.
Белгилей кетсек, "Nomad Stunts" каскадёрлор тобу 2000-жылы негизделген, анда 54 каскадёр, 3 актёр жана 30 ат бар. Бир атты трюкка даярдоо үчүн 1 айдан 2-3 жылга чейин убакыт керектелет. Аталган топтун жетекчиси Жайдарбек Кунгужиновдун "Супер-Инфо" гезитине берген маегин бул шилтеме аркылуу окуй аласыздар.