Китепкананын дубалына "мен өлгөндөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм" деп жазып кеткен адам студент кыз болуп чыкты

Ош шаарындагы облустук китепкананын дубалына "мен өлгөндөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм" деп жазып кеткен адам Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент кыз болуп чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан 9-мартта кабарлашты.

Маалым болгондой, кыздын мындай маанидеги сөздөрдү жазуусуна жеке каржылык маселеси түрткү болгон.

"Милиция кызматкерлери алгач кыздын өзү менен маектешип, андан соң ата-энесин чакырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ата-энесине кызы психологдордун жардамына муктаж экендиги айтылды. Алгачкы маалыматтарга караганда, анын мындай абалга келүүсүнѳ жеке каржылык маселелери себеп болгон", - дешти ШИИБден.

Эске салсак, буга чейин китепканын дубалына белгисиз адам "Салам, сен муну окуп жатканда мен жок болом. Менин өлүмүмдөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм. Биз бактылуубуз жана эркинбиз. Менин жашоом ушундай кыска болуп калганы өтө өкүнүчтүү" деп жазып кеткен. Мындан кийин Ош ШИИБинин ыкчам тергөө тобу китепканага барып, жазуулар боюнча тергөө иштерин жүргүзүп баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
aman0296
2018-03-09 17:46:41
Химия физика ( кыйратып окушпайт) д сабактын ордуна психология болсо жакшы болмок. Озун жанын кыйган окуучулар азаймак
-12
Nanei
2018-03-09 17:56:29
aman0296,азыр Ким коп психолог коп,молдокелер коп,бирок эч натыйжа жок алардан. Биринчи элдин камын ойлогон аткаминерлер келиш керек,суициддин копчулугу жетишпеген замандан болуп жатат,уй було башчысы арак ичет,уйдо ызы чуу,балдар материально камсыз эмнс. Мин психолог алып кел,жашоо кыйын болуп ,курсак тойбосо эч натыйжа бербейт алардын жардамы
+15
sinej
2018-03-09 19:43:54
Nanei,
Олгондун артынан олмок жок. Олсо озунун шору. Кээ бир адамдар ооруп ден соолук издеп журот, булар олумду тилеп журушот. Олуп калса эле маселеси чечилип калчудай журушот. Бир келген жашоодо ойноп кулуп жашап алыш керек. .
+9
erlan2196
2018-03-09 20:01:32
sinej,
Олгондун жазасы - комгон. Болгону ошол. Жердин астында жатасын камалып. Тан калам ушуларга. БОМЖтар деле умут менен жашашат экен.
+6
jbolotov
2018-03-09 20:39:18
Nanei, Дуйнодон эн жетишкен Япония АКШ ж.б суицид коп катталган олколор болуп эсептелет, дин жетишбесе ошол.
+7
Nanei
2018-03-09 23:25:47
jbolotov,молдокелер мечиттен бычакташып жатса,садака акчаны уурдашвп алып,анан кайдан динден тушунук болмок эле.
-1
Buudaiuk
2018-03-10 08:18:20
jbolotov,японияда деле оздорунун динин катуу карманган такыба адамдары бар да.болгону алардын дини болок
-1
Senator
2018-03-09 18:08:56
Акчасы барлар тыры пыры дей берет, акчасы жок зоорго жашагандар эле тушунот булардын акыбалын
+20
rejepova
2018-03-09 18:19:20
Senator,ээх ошону айтсан жаш эле кыздан соц.баракчасына укмуш машине, кийим, жеген ичкенин, Дубай деги койчу тимеле малина жашоосун чыгарышат.Жетишпеген турмушта жашагандарга башкача сезим калтырат. Бул менин жеке оюм…
+14
Komrad
2018-03-09 18:39:54
Кайран жаштык, умутунду узбо, келечекте баары жакшы болот!
+12
Ma9
2018-03-09 18:52:14
акча жок кыйналганда кобу эле олум туралуу ойлоп калса керек албетте баары эмес
+3
bond02
2018-03-09 20:24:10
табылыптыр го жазага тартыш керек эми.
-11
Nendi15
2018-03-09 20:26:05
кимге эмне жетишпесе ошону кааласа керек акчасы жоктор акчалуу болушту,баласы жоктор балалуу болушту,кедейлер бай болушту мумкунчулугу чектелгендер ден соолугу чын болуусун негизи эле жашоо ушунусу менен кызыктыр.Бирок эч бир жан ушул жашап жаткан минуталарына кубанбайт ушул убакта дем алып жер бетинде жургонунон ырахат албайт.Кайгырганы кайгырган бири биринен жакшы созун аяшат.Адамдар баары бири бирине жакшы мамиле кылып жылмая суйлоп жакшы созун аябаса баары оз ордунда болот беле дегеной келет
+14
Nendi15
2018-03-09 20:29:02
Мисалы акчан жок болсо да жакын адамын жакшы соз сулоп конулунду которуп койсо ошол убак отуп кетет акча табылчуу да мезгил келет,жинин келип ачууланып турган убакта да дагы бироо жакшы суйлоп конулунду которуп койсо ошол убак да отот.Адамдардын пейли кенен болсо баары озуно каалаган жакшылыкты башкага да кааласа ушундай таттаал жашоо болбосо керек.
+4
Nendi15
2018-03-09 20:31:17
азыр кандай бири бирине атан талашмай кошунасын дос тааныштарын коруп ошондой кийиниш керек ошондой уй салыш керек ошондой чыгым кылып эл козуно корунун жашаш керек деп адамдар бири бирине зыян келтирип алып жатышат.Адамды басмырлабай оз оюн эркин айтып кондургондо гана коом жакшы тарапка озгорсо керек
+4
Nendi15
2018-03-09 20:33:22
бул байкуш кыз биринчиден жаштык кылып экинчиден кыска ойлуулук кылса керек...же жон эле элди озуно конул бурдурууну каалагандыр бирок ушул жазууну жазып жатканда анын абалы кандай болгонун эч бирибиз билбейбиз да ар нерсени жооруй беребиз.Ушул жазууну жазып ушул ойду ойлогонго ким эмне туртку бергенин терен ойлонуу керек
+2
bond02
2018-03-09 21:11:54
Nendi15,повесть го биягы.
+5
Rifle_I
2018-03-10 08:49:02
Мындай жашыбызда биз дагы акчабыз жок жүргөнбүз. Маршрутка акча жетпей калып жөө басып, наныбызга акча таппай калып эптеп нарак берактан курсак тойгузуп.
Эми баары бар. Адамда сабыр болуш керек.

Акчам жок деп өлүмдү эңсеген бул эрксиздик. Жашоонун кандай таттуу экенин билсе, жашайм дагы деп калат. Психологдор ушуну түшүндүрүп коюшса керек, назик формада.
+3
Berliane123454
2018-03-10 09:53:07
Эмне коп ,психолог коп дейсинер... Элет жергесинде бир да психолог жок... Ар бир мектептерде ,окуу жайларда болуш кк.
+4
nurik903
2018-03-10 11:07:51
кыргызга кучтуу экенинди билгизуу учун обезятельно олуш керекби
+1
Azatbek83
2018-03-10 15:06:02
Мындай нерсени Ак Үйдөгүлөр баардык чоңдор Ак Үйдүн дубалына жазышса болмок!!! Биз мамлекетти уурдап сатып мөңгүлөрдү талкалап жаман иш кылгандан уялабыз дешип!
0
Azatbek83
2018-03-10 15:26:31
Орусиянын Астрахань шаарында Анастасия Холова деген кыз лакап аты Стейс Кромер! Стейс Кромер Пила деген ужас кинодо башкы каарманды аткарган! Ал кыз 4 жашынан баштап күмбөздө ойногон ду жакшы көрөт 50 күн менин өлүмүмө чейин деген китеп жазган жаштардын кыйналганын айтылган.Ал дисклексией уатоагресией жабыркап турат. Ошондо бул студентка ошол кыздын жазгандарын көчүрүп жазып аны кумир тутуп алганго!Карындашым андан көрө сабагыңы окусаң болмок!
+1
Jumanazar.97
2018-03-10 20:03:16
Мен билген бир окуя ММКларга бурмаланып, курман болгондордун саны эки-уч эсе азайтылып берилгенин окугандан бери ММКларга чыккан маалыматтарга эч эле ишенбейм. Мумкун бул окуя да озгортулуп берилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан