Борбордо 10-11-март күндөрү роботтор фестивалы өтөт. "RobotoFest" деп аталган иш-чарага бир нече команда катышат. Мектеп окуучулары өздөрү жасаган роботторун эл алдына көрсөтүшөт. Учурда өспүрүмдөр жана жаштар арасында робот жасоого кызыккандар көп. Алардын бири Санжар Жумабеков адам сыяктуу робот жасап, ага калпак кийгизген.
"Эртең ойлоп тапкычтар арасында өздөрү жасаган роботтордун сынагы болот. Мен барып башкалар менен тажрыйба алмашам, пикир алышам. Робот жасоого бала кезимден кызыгам. Бизде да адамдардын жумушун жеңилдеткен роботтор болсо дейм. Робот жасоого 18 жашымдан киришкем, андан бери 4 жылдын жүзү болду", - дейт Жумабеков.