13 жаштагы Никки Кристоу Лондондо жашайт. Жаш экенине карабай, турмуштун оорчулугун башынан өткөрүп келет. Ал 6 жашка чыкканда бетиндеги кан тамырлары сыртка чыгып калган. Текшерүүдөн өткөндөн кийин дарыгерлер ага өтө сейрек кездешүүчү кан тамырлар илдети менен жабыркагандыгын айтышкан.
Дарыгерлердин айтымында артерияга кетчү кан чакан тамырларда жүгүрүп турат. Анын негизинде кыздын башы дайыма ооруйт, көз жаштын ордуна кан чыгып, бети дайыма шишип турат.
Бирок Никки ооруга моюн берген эмес. Оорусун билгенден кийин YouTube`дан жеке каналын ачкан. Канал аркылуу кыздарга кантип боёнуу керектигин, кантип туура кийинүүнү, даамдуу тамак-аш жасоону үйрөтүп келет.
Никки интернет аркылуу чоң киреше табууга боло турганын айтып, айына миллиондон ашуун каралган видеолору анын жашоого болгон демине дем, күчүнө күч кошуп келе жатканын билдирген.