Кыргыздын таланттуу актёр жигиттеринен куралган "Дем" театры аялзатынын майрамына карата 7-8-9-март күндөрү Кыргыз драма театрында жеке концертин тартуулашты. Концерттин дээрлик 90 пайызы боорду эзген тамашалар менен коштолду. Алар буга чейин эл көрө элек "Тажаалдар таймашы", "Кунг-фу мектеби", "Жаныбарлар дүйнөсү" жана МАИ кызматкеринин бир күндүк жашоосун чагылдырган жаңы тамашаларын аткарып, көрүүчүлөрдүн кол чабууларына арзыды. Концерттин жүрүшүндө "демчилерди" бир катар өнөр ээлери колдоп келишти. Тактап айтканда, Тотомидин Жолдошев, "Музаман" тобу жана башка бир катар жаш ырчылар ыр белектерин тартуулашты. Көрүүчүлөр залдын 100 пайызын түзүп, орундуктар калбай калганына байланыштуу туруп көргөндөр да болду.