Бишкектеги "Галерея М" галереясында "Жазгы вернисаж" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, 6-мартта ачылган көргөзмө 4-апрелге чейин уланат.
Өлкөнүн белгилүү сүрөтчү, айкелчилеринин эмгектерин топтоп көрсөткөн көргөзмөдөн шаар тургундары жаз мезгилинин сулуулугун, андагы жаратылыштын өзгөчөлүгүн көрө алат. Живопись, графика жанрында тартылган сүрөттөр менен катар айкелдер, гүлдөр жана аялдардын жашоо образы, сулуулугу чагылдырылган. Декоративдик-колдонмо искусствосу аркылуу түрдүү гүлдөр да жасалып коюлган.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө белгилүү айкелчилер, сүрөтчүлөр жаш өнөрпоздорго мастер-класстарды өткөрүшөт.