Австралияда көл жээгинен 2 метрлик балык табылды

Австралиянын Квинсленд штатындагы Мур Парк Бич ("Moore Park Beach") көлүндө эс алып жаткан Жон жана Райли Линдхольм көл жээгинен 2 метрлик "монстр" балыктын жатканына күбө болушкан. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Табылган балыктын салмагы 150 килограммды түзгөн. Таап алгандардын бири Райли Линдхольм тажрыйбалуу балык уулоочу болгон. Ал: "Өмүрүмдө бир нече балыктын түрлөрүн көргөм. Бирок мындай алп балыкты биринчи жолу көрүшүм", - деп таң калганын билдирген. Балыктын денесинде эч кандай жаракат катталган эмес. Мындан улам ал же карыган, же ооруп калгандыгына байланыштуу өлүп, жээкке сүрүлүп чыккан деген божомол айтылган.

Ал эми сейрек кездешүүчү балыктын түрүн аныктоо үчүн Квинсленд кеме жана балык уулоочу патрулу жергиликтүү музейге кайрылган. Музейдин адистери аны квинсленддик групер балыгы деп аныкташкан.

Белгилей кетсек, аталган балыктын 87 түрү бар. Алар Инди жана Тынч океандарында байырлашат. Ал эми көлөмү 20 сантиметрден 2,5 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2018-03-12 14:08:01
картан балык окшойт а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан