Бишкекте таңга жуук жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйдүн подъездинде аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат адегенде "Тез жардам" кызматына түшкөн. Чакыруу болгон жерге келген медицина кызматкерлери анын каза болуп калганын аныктап, денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
"Бул окуя эртең менен мен намазга турган маалда, болжол менен саат 05:30дар чамасында болду. Кийин милиция кызматкерлери да келишти. Маркум болжол менен 25 жаштарда болгон экен. Подъездеги эшиктин үстүндөгү чатырда жатканына караганда ал бийиктиктен кулаган", - деди күбө.
Азырынча маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктай элек.