Багдаддагы абакта Кыргыз мамлекетинен 3 аял жатат деген маалымат боюнча ТИМ Иракка Нота жолдоду

Кыргыз Республикасынын Кувейт Республикасындагы элчилиги тарабынан Ирактын Кувейттеги элчилигинин консулу менен жолугушуу өткөрүлдү. Мындай маалыматты Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү өткөн жолугушууда Кыргыз тарап консулга Ирак өлкөсүнө жолдогон Нотаны берип, Багдаддагы абакта 3 Кыргыз аялдары жатат деген маалыматтарды тастыктап берүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

"Ошондой эле жолугушууда Кыргыз мамлекетинин 3 жараны делген аялдардын жанында жашы жете элек 10 бала бар деген маалыматтар да жеткирилип, соттук териштирүү иштери жүрүп жатканда чет элдик жарандардын укугун коргоого жактоочунун кызматтарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилишин өтүндү.

Учурда Кыргыз өлкөсү Иракка жолдонгон Нотанын жообун күтүп жатат. Мындан тышкары Кыргыздын Кувейттеги өкүлчүлүгү тарабынан "Кызыл-крест" коомунун эл аралык комитетинин Эль-Кувейт шаарында жайгашкан Аймактык миссиясынын дарегине да бул тууралуу кат жолдонду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nanei
2018-03-10 11:24:13
Ошо Жан кечтилерге аял ,токол болуп жургон аялдарды тимеле койбойт беленер,нота сота жибербей эле. Оз жеринде эле журо беришсе болбойт беле,аларды бироо айдап жиьерген жок да Сирияга
+7
vavilon.
2018-03-10 11:31:37
Сирияга мынаанча Кыргызстандык кетти, Сирияда журот деп башка олколорго да Кыргызстандын атын булгап жатышат. Кыргыздар кетсе 10%кетти, калганы туугандардан кеткен 90%. Кыргыздар кобу билимдуу болушат, андай жактарга барбайт.
+8
nurgaz
2018-03-10 11:45:52
vavilon., туугандарын кеткен болсо жардам берда, туугандарын ким, апанбы же атанбы?
-17
Beck_13
2018-03-10 22:58:51
nurgaz, "туугандар" деп Кыргыз олкосундо жашаган озбек улутундагы адамдарды айтып жатса керек.
0
jbolotov
2018-03-10 12:10:13
Колунан эч нерсе келбеген ТИМ Ирака нота жонотбой эле дипломатиялвк жол менен алдап солдоп суйлошбойт беленер. Аскердик жактан 3 вертолетубуз бар экен.
-3
Nanei
2018-03-10 12:52:33
jbolotov,ТИМ жоноткон жок да аларды Сирияга,нота деле жиьербей коюш керек. Эмне издеп барышат ошол Жака тушунбойсун,журоктору да тоодой экен,же баштары ушунчалык иштебейби??? Топ эркеке аялдар кантип коркпрй барвшат???
0
Pandora
2018-03-10 12:25:59
Аларды тим койуп куру доомат болуп же ар кандай себептер менен башка кыздарды коргоп алгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан