Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында 23 жаштагы жигит өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бактыга жараша, ал аман калган.
Күбөлөрдүн айтымында, алар отургучта отурган жигиттин жанына барганда ал отургучтун темирине бут кийиминин боосу менен асынып алган. Күбөлөр дароо "Тез жардамга" жана милиция кызматкерлерине кабарлашкан. "Тез жардам" кызматы келгенче күбөлөр асынып алган баланын моюнунан боону чечип алышкан.
Күбөлөрдүн айтымында, өзүнө кол салууга аракет кылган мырзанын жанында паспорту, уюлдук телефону болгон.