Дүйнөлүк шоу-бизнестеги кара терилүү атактуулардын бири рэпер, аранжировкачы, продюсер Тимбалэнд 1972-жылы 10-мартта АКШнын Виргиния штатынын Норфлок шаарында жарык дүйнөгө келген. Толук аты-жөнү Тимоти Моузли.
Тимбалэнд кичинесинен музыкага жакын болуп, бир уккан ырын тез илип алууга жөндөмдүү болгон. Алтургай ырлардын обонун өзгөртүп башка ыргакка салып коюуга шыктуу эле. Мектепте окуп жүргөндө ди-джейлик менен алектенген. Майрамдарда жана эс алуу күндөрүнө карата дискотека уюштуруп, окуучулар арасында DJ Тимми деген лакап атка ээ болуп, абройлуу балдардын катарына кошулат.
Окуучулук кезде Мисси Эллиотт аттуу коңшу кыз менен жакын достордон болуп, экөө сабактан кийин Тимотинин үйүнө келип ыр жазышып, ага обон жаратышчу. Кийинчерээк экөөнө Мелвин Барклифф аттуу жигит кошулат. Бириккен үчөө өздөрүнчө топ болуп сахнага чыгууну самашат. Бул максаттарын ишке ашыруу үчүн ээрчишип алып Нью-Йорк шаарын көздөй бет алышкан.
Норфолк шаарынан келген үчилтикке белгилүү продюсер ДеВанте Свинг жардам берген. Көп өтпөй Мисси алардан бөлүнүп өзүнчө ырдап кетет. Ал эми Мелвин менен Тимоти дуэт ырдап чыгышат. Свинг "экөөңөргө лакап ат табуу керек" деген сунуш киргизип, Тимбалэнд & Магу дуэти деп атап коёт. Тимбалэнд деген ат ошол кездеги эң белгилүү кеданын үлгүсү эле.
Тимбалэнд & Магу дуэти хип-хоп, рэп багытында ырдап башташат. Ырлардын сөзүн да, обонун да Тимбалэнд жазып, аранжировкасын да өзү жасачу. Кийинчерээк Тимбалэнд продюсерликке кызыгып, кошунасы Мисси Эллиоттко жардам бере баштайт. 1999-жылы Тимбалэнд продюсерлик кылган Миссинин алгачкы музыкалык альбому "Жылдын хит ырлар жыйнагы" деп табылган. Кийинчерээк Алия аттуу модель кыз менен иштешип, аны белгилүү R&B ырчы кылууга үлгүрөт. Алиянын “Миллионго бирөө” ("One In A Million") аттуу ыры 1996-жылы хитке айланып, элдин көңүл борборунда болгон. Тимбалэнддин капчыгына миллиондогон гонорарлар түшүп баштаганда чыгармачылыкта бир команда болуп иштеп жаткан өнөктөшүнөн ажырайт. Тактап айтканда, 2001-жылы Алия авиакырсыкка кабылып, дүйнө менен кош айтышат. Тимбалэндге мындай күтүлбөгөн жоготуу оор тийип, чыгармачылыгын таштап коёт.
Тимбалэнд кыйналып жүргөн учурда белгилүү ырчы Жастин Тимберлейк продюсер болуп берүүнү өтүнгөн. Ал макулдугун берип экөө чогуу ишке киришкен. Жастин жазган ырларын купулуна толгондой ырдай баштаганда продюсердин музыкага болгон сүйүүсү кайрадан ойгонот. 2003-жылы экөөнүн “Жашыңды мени көздөй төк” (“Cry Me a River”)аттуу чыгармасы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, Жастин эл арасында супер жылдыз деген атка конот. 2006-жылы Тимбалэнд командасына Нелли Фуртадону кошкон. 2007-жылы Тимбалэнд, Нелли Фуртадо жана Жастин Тимберлейк үчөө “Кел, көрсөтчү” (“Give It to Me”) аттуу ыр аткарышат. Ал мегапопулярдуу хитке айланып, “Грэмми” сыйлыгына татыган. Тимбалэнд Нелли менен Жастинден тышкары Жей-Зи (Jay-Z), “Пуссикэт Доллс” ("Pussycat Dolls") тобу, Уитни Хьюстон, Дидди, 50 Cent менен иштешип келген. Аталган атактуулардын баары Тимбалэнддин кызматына муктаж экенин жакшы билишерин жашырышкан эмес.
2009-жылы орусиялык ырчы Дима Биланга "Евровидение-2008" сынагында жеңиш алып келген "Ишен" ("Believe") деген чыгармасы дал ушул Тимбалэнддин студиясында жазылган.
Тимбалэнд жашоодо бир агым менен аккан адамдардан. Ал 2008-жылдын жай айларында өзү көптөн бери жарандык никеде жашап келе жаткан журналист Моника Идлетт менен мыйзамдуу түрдө баш кошкон. Учурда үч жаштагы Рейн аттуу кыздын атасы.
ТИМБАЛЭНД ТУУРАЛУУ: