Москва шаарындагы Классикалык сүрөттөр галереясында "Асман менен Ысык-Көлдүн ортосунда: Кыргыз жерине болгон 100 көз караш" аталышындагы сүрөт көргөзмө өтүүдө. Бул тууралуу маалымат аталган галереянын сайтына жарыяланды.
Көргөзмөдө Кыргыз жергесинин кооздугу даңазаланган. Анда өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн бийик тоолор, ири жана чакан дарыялар түзө тургандыгы чагылдырылган. Ошондой эле Түндүк жарым шарга таандык болгон муздар, токойлор, кургак чөлкөмдөр, бийик жана кыска шалбаалар тууралуу баяндаган сүрөттөр коюлган.
Сүрөттөрдүн авторлору Михаил Флинт жана Владимир Онопко. "Кыргыз жергесинин жаратылышы адамзаттын уникалдуу байлыгы болуп саналат. Бул байлыкты көрүүгө болот. Өлкөнүн ар бир аймагы бири-бирине окшобогон өзгөчө кооздукка ээ. Мындан улам ар бир дубандын жаратылышы жан дүйнө ырахатын тартуулайт", - деп билдирет уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, көргөзмө 1-марттан 1-апрелге чейин улантылат.