Рак илдетинен улам жаагынын бир жак бөлүгүнөн, бир көзүнөн айрылган Баатыр Баназаровго Индиянын Бангалор шаарындагы клиникада 1-операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG'ге бейтапты Индияга коштоп кеткен дарыгер Азамат Кошалиев билдирди.
Анын айтымында, бул операция Баназаровду дарылоонун алгачкы этабына кирет. Анда бейтапка криотерапия жүргүзүлгөн.
"Криотерапия деген бул рак клеткаларын тоңдуруу жолу менен бейтапты дарылоо. Операция жасалыптыр десе эле Баатыр аганын бети жамалып калыптыр деп түшүнбөш керек. Адегенде анын терисиндеги рак клеткаларын өлтүрүп, терини жеп кете бергенин токтотуу зарыл. Ошого биринчи процедура жүргүзүлдү. Албетте, көп жыл ооруп жүргөн адамдын иммунитети алсыз болуп калган, буга байланыштуу аны алгач операцияга даярдоо иштери жүргүзүлгөн", - деди Кошалиев.
Ошондой эле ал Баатыр Баназаровдун операцияны жакшы көтөргөнүн, учурда оорусу басылып, көңүлү ачылып калганын кошумчалады.
"Бетине криотерапия жасалгандан кийин биз кайрадан анализ тапшырдык. Эгерде рак клеткалары толугу менен тоңдурулуп өлбөгөн болсо кайрадан криотерапияга кошулуп химиятерапия жасалат. Качан гана рак клеткалары терини жегенди толугу менен токтоткондо, анын бетин жамоо ойлонуштурулат. Бирок бул абдан татаал операция, ал үчүн өзүнүн сан этинен кесилип алынат да жаагына салынат. Мындай операцияны көтөрүү үчүн адамдын организми ага даяр болуш керек. Андыктан биз Баатыр байкени бул жерде даярдасак көп убакыт кетет, өзүңүздөр билгендей чет элде 1 күн жүрүү да көп чыгымды талап кылат. Албетте, жердештер жардам берип, үйүндө жашап жатабыз. Бирок көпкө созуу ыңгайсыз. Ошондуктан мен Баатыр аганын ушул операциясынын жыйынтыгын билип, клеткалар толугу менен тоңгон болсо, балким, пластикалык операцияга даярдоону Кыргыз жеринде улантабыз жана ошол жактан эле жасоонун жолдорун караштырабыз деп ойлоп жатам", - деп кошумчалады дарыгер.
Ошондой эле ал 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келе жаткан Баатыр Баназаровду эрки күчтүү, чыдамдуу адам деп сыпаттады. Операция 4 саатка созулуп, 1 күндөн кийин ал жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган. Баатыр Баназаровду чет элдеги эң мыкты делген клиникада дарылоо үчүн буга чейин элден 9 миң 300 доллар каражат топтолгон. Учурда ал каражат ушуга чейин жүргүзүлгөн медициналык процесстерге жумшалган. Алдыда бейтапка жасалуучу эң жоопкерчиликтүү операциялар бар жана каражат топтоо улантылып жатат.
Ага жардам берүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822, Элсом 0700 265 295 Нурсултан Батыралиев.