1 тонна беш бармак менен 100 метрлик чучукту бышырууга 40 башкы ашпозчу жана 100дөн ашык жардамчылар тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ашпозчулар ассоциациясынын" директорунун орун басар Берик Эгембаев билдирди.
"Бүгүн бышыруу иштерине Ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрү келди. Бул ассоциацияда 30дан ашык башкы ашпозчу бар, жардам берип жаткан кесиптик окуу жайдын 40ка жакын студенттери бар. Негизи 100 адам чакырганбыз, андан да көп болуп кетиши мүмкүн. Ашпозчулар 40 болсо, калган бардык жардамчылар 100 адамдын тегерегин түзөт. Иш-чара кызуу башталууда", - дейт Эгембердиев.
1 тонна беш бармакты даярдоо үчүн 8 жылкы союлган.
Эртең, 11-мартта Бишкекте 1 тонна беш бармак менен 100 метрлик чучук бышырылып, келген элге ооз тийгизилет. Бул иш-чара улуттук беш бармак тамагын "Гиннесстин рекорддор китебинин" тизмесине киргизүүгө арналган.