Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмалалтынкен” комбинатынын жанындагы башкы подрядчик “Мега Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жаңы курулуп жаткан “ДжиЭл Макмал Девелопинг” алтынды кайрадан иштетүүчү комбинатынын курулушуна каршы нааразылык билдирип кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-мартта митингдин уюштуруучуларынын бири билдирди.
"Ушуну менен 5-ирет нааразычылык билдирип чыгып жатабыз. 7-февралда митингге чыкканыбызда "курулуш убактылуу токтотулсун" деген чечим чыккан. Ал чечим аткарылбагандыктан жергиликтүү эл 1-мартта ишкананын курулуш ишин токтотууга кайра талап койгонбуз. Облустук, райондук, жергиликтүү бийликтен эч кандай реакция болбогондуктан райондун эли 11 адамдан турган демилгелүү топ түзүп, республикалык деңгээлдеги тийиштүү мекемелерге кайрылгыла деп борборго жөнөткөнбүз. 11 делегаттын ичинен 6 адамды президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алып, нааразычылыкты уккан соң тийиштүү мекеме жетекчилерине ишти тапшырган. Ошол жетекчилер бүгүн Тогуз-Торого келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышты, бирок эл ага ынанган жок. Алар мекемелер аралык комиссия түзүлүп, зыяндуулугу аныкталса токтотулат деп айтышты. Бирок ал комиссия качан түзүлүп, ишин качан жыйынтыктап, элге толук маалымат качан берилерин айткан жок. Элдин "комбинат элге зыян, токтотулсун" деген гана талабы бар", - дейт митингдин уюштуруучулардын бири.
Эске салсак, Тогуз-Торо районунун тургундары салынып жаткан алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылып, элге зыяндуулугун белгилеп 2 айдан бери бир нече жолу митингге чыгышкан.