Индиянын Индаур шаарынын тургундарына капысынан келген кабылан кол салып, шаар ичин дүрбөлөңгө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, калаа тургундары жырткычты толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйгө камап, тор менен кармоого аракет кылышкан. Бирок кабылан торго түшпөй бир кишини жарадар кылган. Шаар ичин чууга салган жырткычты көргөндөр дароо эле полиция кызматкерлерин, айбанаттар боюнча адистерди чакырышкан.
Бир нече сааттан кийин колго түшкөн кабыланга зоология адистери уктата турган дары сайып тынчыткан. Жырткыч эсине келгенден кийин эркиндикке коё бериле тургандыгын билдиришкен.