Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери 2 өлкөнүн жарандарына 1 айга визасыз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга кол коюшту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мамлекет башчылардын жолугушуусунда жалпы 27 документке кол коюлган, алардын негизгилери болуп чек аралардагы өткөрмө пункттарды жандандыруу жана Ташкент менен Дүйшөмбү каттамдарын ачуу келишимдери.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда 2017-жылы эки өлкөнүн ортосунда 240 миллион долларлык соода алакасы болгонун, бул сумманы келерки жылы эки эсеге көтөрүү пландалды. Өзбек президенти Тажикстандын Рогун ГЭСин курууга да катышып калуусу мүмкүн экенин билдирсе, тажик президенти тажик-өзбек мамлекеттери ортосунда тарыхый келишимдер жетишилгенин белгиледи.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Тажикстанга эки күндүк иш сапары менен 9-мартта барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirlan27011987
2018-03-10 17:51:27
Эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат.
+5
Nazar76
2018-03-10 18:11:33
Өзбектин президенти ушул жердеда Гес курганга катышам деп жатыптырда бизге дагы Камбарата гесине катышам деген эле себеби буларда Гес жок и катыштырбаш керек
+5
suban78
2018-03-11 11:58:33
Коншу элдер биригип союз куруш керек. Границаларды ачалы туугандар. Озубузго эле пайда болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан