ЖЫЛНААМА, 10-МАРТ: "Классташтарым менен туулган күн тосууну салтка айландырып алганбыз" дейт депутат Садык Шер-Нияз

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз кинематографисттер союзунун өкүлү, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү, режиссёр, продюсер Садык Шер-Нияз 49 жашка толду. Ага куттуктап байланышканыбызда, туулган күнүн досторунун курчоосунда белгилей турганын билдирди.

"Бир нече жылдан бери туулган күнүмдү классташ балдарым менен чогуу тосом. Бул биздин салтка айланган майрамдарыбыздын бири. Майрам кечинде башталат. Ал эми таң супасында жазылган куттуктоолорду түштөн кийин окудум. Себеби эртең менен маанилүү бир иш-чарага кеткен элем. Негизи мен үй-бүлө мүчөлөрүнө дайыма белек тартуулайм, бирок мага негедир белек беришкен жок (күлүп)", - дейт ал.

Ал "Курманжан датка", "Биринчи кадр", "Чыңгыздын жылдызы өчпөсүн", "Аян", "Форс-мажор" жана башка тасмалардын режиссёру.

Садык Шер-Нияз 1969-жылы 10-мартта Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында төрөлгөн. 1983-1987-жылдары Фрунзедеги машинакуруу техникумунан, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен билим алган. 2009-жылы Сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1996-1998 — "АЧЕКЕЙ" жеке ишканасынын директору,
  • 1994-1996 — "ШЕР" ӨКФ юрист-кеңешчиси,
  • 1998-2004 — Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын жардамчысы,
  • 2004-2007 — Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары,
  • 2010 — Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри,
  • 2012-2013 — "Замандаш" партиясынын тең төрагасы,
  • октябрь, 2015 — "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

10-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан