Орусияда ачка балдарынын курсагын уурдалган тоок менен тойгузам деген эне 1 жылга эркинен ажыратылды

Орусиядагы көп балалуу эне балдарынын курсагын тойгузуу үчүн 5 тоок уурдап, эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон. Анда көп балалуу аял дарбаза аркылуу бейтааныш бирөөнүн короосуна кирип тоок уурдаган. Алардын ар биринин салмагы 6 килограммды түзүп, аны аял 350 рублга (421 сом) баалаган.

Бул кылмыштан кийин кармалган аял күнөөсүн моюнуна алган жана келтирген материалдык чыгашалардын бир бөлүгүн төлөп берген.

Ал сурак учурунда үйдө ачка отурган 4 баласынын курсагын тойгузуу үчүн уурулук кылганын, азык-түлүк сатып алууга каражаты жок экенин билдирген.

Учурда көп балалуу эне күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылгандыгы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
vavilon.
2018-03-11 10:37:06
Орусияда да жашоо кыйын.
+14
engel
2018-03-11 11:02:52
Штраф эле салып койсо болмок экен. 1 жыл ал 4 баланы ким багат?
+25
Azatbek83
2018-03-11 11:12:31
Биздикилер миллиондорду жеп эмне кыла аласыңар деп талдаңдап жүрүшөт!Бөлүшпөй койсо камайбыз деп соттошсо адилетсиз сот ал ооруп калды ак экен койо бердик дешет анан кийин эле кыйрткансып сөгүш бердик дешет кайра эле бир креслоонун ээси болушат! КСДП менен достошсон каалагандай уурдаса болот! Баатыр наамын да алышат! Баары эле оорукчандар!
+20
jalgyzymsyn
2018-03-11 13:04:56
Azatbek83,
Туура. Бизде оорукчандарды парламентке жакындатпоо ж.до мыйзам киргизуу керек.
+5
aerforce
2018-03-11 15:47:57
Azatbek83,орустарда деле миллмонду жегендер камалбай тоок урдаган камалат бизде деле тоок уурдаган бечера камалып миллионду уурдаган депутат болуп жатпайбы
0
Pandora
2018-03-11 11:31:36
Каап тирилик адамды не кылбайт.Тооктун ээси тосмо арыз жазып берип койсо деле болмок экен.Штраф эле салдырып туруп,балдарынын тагдыры кандай болот
+12
RusMos76
2018-03-11 11:45:52
Шарттуу турдо кеспептир же болбосо, бечарага мен деле 4тооктун акчасын толоп бермекмин СБ онлайн менен.
+3
ady-88
2018-03-11 11:49:22
Болушу мумкун эмес. Азыр орусияда малоимущим детям деп же болбосо многодетной семье деп пособие чыгарып беришет ар бир балага жок легенде 3000рубльдан
+2
tursunbaev78
2018-03-11 13:36:49
Тоок уурданан тутулат,миллион уурдаган кутулат болуптур
+6
Nevestkaa
2018-03-11 13:37:14
Төрт баласына жок дегенде он миңден көп пособия алса керек.Акча колго тийгенде ичип жок кылып анан уурулук кылса керек,бизде ошондой пособия болсо жыргамакпыз го кыргыз келиндер.
+2
Arlenchik
2018-03-11 18:04:02
Жаман болуптур, байкуш торт баланы кор кылбай соттобойле коюшпайт беле, тоок учун соттоп ийгени жаман корунуш, арыз жазган адам деле акмак экен, балдары учун, айласыздан уурдаганын билип туруп кечиримдуулук кылып койсо болмок экен.
+1
AKCAHAT
2018-03-11 21:44:11
Акыркы 2ж Единая Россия партиясынан чыккан чиновниктер Форбестин алдынкы орундарына чыга башташыптыр бул дегени Путин жа анын тарапташтары тездик мн байышып кудум биздей эле мамлекетти, окмоттун бюджетин талап тоноп атышат. Россияда чындык бар, адилеттуу соттор,баары сопсонун деп шилекейи аккандар бул жомок, утопия.Ар тараптан орустарды улгу кылып салыштыра бергендер Россия мн Кыргызстан бирдей системада, бир агымда, бир саясат, баардык тараптан бирдейбиз.Миллиард уурдаган мерлер олтурат)))
0
jalgyzymsyn
2018-03-11 22:39:55
AKCAHAT, туура бирок ошол орустар ишти жасап анан жеп ататда. А бизде жейт эчнерсе калбайт.
0
Zinazima
2018-03-12 00:27:10
Байкуш аял орус эмес приезжий окшойт деп ойлодум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан