Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарды туура жазуу үйрөтүлөт

Ош шаарындагы бала бакчалардын жана мектептин кызматкерлери үчүн "Мамлекеттик тилде иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү" деген темада семинар-тренинг өтөт. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 11-мартта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, семинар шаардагы №42-Керме-Тоо мектеп-гимназиясынын базасында өтүп, ага жалпысынан 300дөн ашуун окутуучулар катышат.

"Бул семинар 12-март күнү Билим берүү башкармалыгынын жылдык планынын негизинде өтөт. Чынында мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн түрдүү иш-чаралар өткөнү менен, мамлекеттик иш кагаздарды сабаттуу толтуруу маселеси чечилбей келет. Андыктан бул семинарга катышкан окутуучуларга бул тууралуу көптөгөн маалыматтар берилет", - дейт Досмуратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolotbek1991
2018-03-11 15:56:00
Албетте баардык иш кагаздар кыргыз тилинде жургузулушу керек
+1
Fasad88
2018-03-11 17:33:41
Nur.tv Жана Ынтымын твдан озбекче жанылык кинолору кыргызча болмун. Мен Кыргызстанда жашап жатам Узбекистанда эмес!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан