Бишкекте 110 метрлик чучук бышты

Бишкек шаарында буга чейин пландалган 1 тонна беш бармак менен 110 метрлик чучук бышты. Чучукту даярдагандардын айтымында, алар бөлүнүп бышырылган чучукту улап отурушуп узундугун 110 метрден ашырышкан. Бир топ жаштардын жардамы менен анын узундугу элге көрсөтүлдү.

Андан соң аны боз үйгө алып кирип кетишип, келгендерге таратуу үчүн кесип чыгышты. Учурда чучукту элге ооз тийгизип жатышат.

Шаардагы "Аю гранд комфорт" соода борборунун алдында өтүп жаткан иш-чарага келгендердин саны көп. Бирок келгендердин баары эле казандар жайгашкан тарапка өтө алышпайт. Атайын тосмолор орнотулган.

Бишкекте 110 метрлик чучук даярдалды
Бишкекте даярдалган 110 метрлик чучукту көрсөтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KUBI
2018-03-11 12:18:21
Бир табакка канча адамдан тартасынар.
0
dastan.bujun
2018-03-11 12:21:37
Менимче кирбей калат рекордго.
Болбой калды дешет коросунор
-10
Samina007
2018-03-11 12:34:52
Азаматтар!!силерге чоооң ийгилик каалайбыз.Кыргыз калкым сыймыктансын силер менен.силерге терееең таазим этебиз Санкт Петербургдан.
+7
Samina007
2018-03-11 12:42:30
Алыскыы жерден туруп сүйүнөт экенсин ушундай жакшы кабар угуп.силердин жегениңер биздин жегенибиз.тамагыңар таттуу даамдуу болсун
+14
Muslim_KGstana.
2018-03-11 13:16:08
Кирбейт /капа болбогула бирок айткан созумо
-7
aerforce
2018-03-11 15:44:57
эмдиги жылы мин метр жасагыла
-2
Rasul94
2018-03-11 16:51:52
жакшы 110метр экен. 120 метр болсо жанагылар эле 1 метрден кесип болуп алышмак
+5
adidas.08
2018-03-11 18:52:34
Rasul94,хахаха
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан