Чолпон-Атадагы бала бакчаны курууда мамлекетке 1 миллион 382 миң сом зыян келтирилди деп кылмыш иши козголду

Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата шаарындагы бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура расмий сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, курулушка керектелүүчү жалпы сумманын көлөмү 31 миллион 416 миң сомду түзгөн. Бюджеттен бөлүнгөн сумманын 21,5 пайызы курулуш иштерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө кеткен чыгымдар, ошондой эле аларды уюштуруу, башкаруу жана камсыз кылуу үчүн сарпталган. Бирок Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын айрым өкүлдөрү кызматтык абалынан пайдаланып, жогорудагы чыгашаларга каражаттын 21,5 пайызын эмес, 25,9 пайызы жумшалган деген документтерди көрсөтүшкөн.

"Жыйынтыгында Чолпон-Ата шаардык мэриясы мамлекетке 1 миллион 382 миң сом зыян келтирген. Мындан улам райондук прокуратура Чолпон-Ата шаардык мэриясына Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен иш козгогон. Учурда териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Ноокаттагы бала бакчанын курулушунан 779 миң сом зыян келтирилген деп райондук прокуратура кылмыш ишин козгогондугу маалымдалган. Ошондой эле Айыл чарба министрлиги мыйзамсыз сатып жиберген Чүйдөгү бала бакча мамлекетке кайтарылгандыгы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
datkayimjan
2018-03-11 14:37:15
Зыян келтирген дебей мамлекеттин акчасынан уурдаган деп айтсанар туура болот
+3
Dembele84
2018-03-11 15:03:46
Ушуларды эле жегендерин кустуруп камасанар,бюджет бир кыйла толо тушот
+1
baisogur
2018-03-11 15:29:49
Башташталды кусмай
+1
aerforce
2018-03-11 15:37:05
Азаматсынар баарын куздургула ГКНБнын ичиненда корупциянерлерди куздуруш керек онолойлу
0
amirrus
2018-03-11 17:45:53
президент айткандай прокурорлорду,сотторду,иим кызматкерлериндеги паракорлорду тазаламайынча башкаларын тазалаш кыйын.Чондордон баштаса майдалары озу эле жоголот.
0
RusMos76
2018-03-11 18:00:33
Болот экен го!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан