Индиянын Морадабад шаарынын тургуну аялы уктап жаткан кезде кыз төрөгөнү үчүн бетине кислота төгүп салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 25 жаштагы келин оор абалында жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Анын бетине, колуна жана курсагына кислота төгүлүп, күйүп калган. Ал эми келиндин жолдошу болгон окуядан кийин изин жашырып качып кеткен. Учурда полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Жубайлар 8 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишкен. Алардын ортосунда 2 кызы болгон.
"Биринчи жолу кыз төрөгөндө жолдошумдун туугандары мени зекип баштаган. Убакыт өткөн сайын алар мени жемелеп, басынтып жатышты. Өткөн жылы экинчи ирет кыздуу болгонубузда мага карата кол көтөрүүлөр башталды. Кыздарым үчүн баарына чыдап жүрө бергем", - деп билдирген жабырлануучу.