Ош облусунда жаш манасчылар арасында таймаш өтөт

12-мартта Ош шаарында жаш манасчылар арасында кароо-сынак өтөт. Бул сынак залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу аталган сынактын демилгечилеринин бири Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, таймашка катышууга мектеп окуучуларынан көп арыз түшкөн. Мындан улам мектеп окуучуларынын жигердүү катышуусу күтүлүүдө.

"Аталган сынак биринчи жолу Ош шаардык мэриясы, экинчи жолкусунда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп келген. Быйыл шаардагы маданият борбору бул демилгени колго алды. Сынактын шартына ылайык, катышуучулар "Манас" эпосунан үзүндү айтуу чеберчилигине, сахнада өзүн алып жүрүү маданиятына карай бааланат. Ошондой эле мыкты деп табылгандар Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өнөрлөрүн көрсөтө алышат", - деп билдирди демилгечи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2018-03-11 17:29:21
Кочмондор оюнун откоргончо бир мектеп же бир салса ошол пайдалу эле да жон эле чыгымда
-3
grace
2018-03-11 18:48:23
Кут болсун! Кыргыз экенибизди унутпайлы!
0
yrmat88
2018-03-11 19:45:48
Намысы болбой эл болбойт, кени болбой жер болбойт. Манас атабыз - намысыбыз, сыймыгыбыз. Манас айтылып эле турсун. Баардык область боюнча откоруш керек.
0
Rubin
2018-03-11 21:07:11
Каерде отот экен, дареги кандай?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан