Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпиндин ыйгарым укуктарын чектөөнү алып салуу чечими Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мыйзамга өзгөртүү киргизүү чечими 11-мартта Пекиндеги жылдык жыйында кабыл алынды. Курултайга үч миңдей делегат келип, экөө каршы чыкса, дагы үчөө добуш берген эмес. Бул чечим Цзиньпинге кызматта белгисиз мөөнөткө чейин иштей берүүсүнө шарт түзүп берет.
Кытайда президенттин бийлигин 10 жылдан ашырбоо жобосу Дэн Сяопиндин учурунда, 1982-жылы кабыл алынган. Си Цзиньпин бийликке келгенге чейин Кытайдын эки лидери Конституциянын ушул жобосун сактап, эки мөөнөт башкарган соң бийликти өткөрүп беришкен.