"Реал Мадрид" футболдук командасынын капитаны Серхио Рамос оюн учурунда дааратканага чуркап кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, оюндун 73-мүнөтүндө Серхио Рамос башкы калыстын жанына барып сүйлөшкөн соң оюн талаасынан 5 мүнөткө жок болуп кеткен. Бул убакта Реал 10 оюнчусу менен талаада калган, эсеп саны 1:1 болчу. Рамос жашыл майданга кайтып келгенден кийин саналуу мүнөт өтүп, 84-мүнөттө Реал 2-голун киргизген.
Оюндан кийинки маалымат жыйынында Реалдын машыктыруучусу Зинедин Зидан Рамос ал учурда дааратканага барып келгендигин айткан.
Кийин Рамос өзүнүн интернеттеги баракчасына "Жаратылыш чакырды. Бардым-келдим. Кайра күчтөндүм. Гол киргиздик. Жеңиш менен кайттык" деген тамашалуу билдирүүсүн калтырган.
Айта кетсек, "Реал" 10-мартта "Эйбар" командасы менен конокто беттеш өткөрүп, 2:1 эсеби менен жеңип кайткан. Бул оюнда Криштиану Роналду дубль жасаган.