Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында бүгүн, 11-мартта экинчи жолу түшкөн кар көчкү да толук тазаланып каттам ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, кар көчкү саат 21:00дөр чамасында толук тазаланып бүткөн.
"Бүгүн саат 11:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн бөлүгүндөгү 255-чакырымында кар көчкү жүргөн, кийин саат 16:10дор чамасында ошол эле жерге дагы кар көчкү түшкөн. Ага байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган болчу. Саат 21:00дөр чамасында кар көчкү толук тазаланып, каттам ачылды. Бирок дагы кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан унааларга чектөө бар. Ага ылайык, жүк ташуучу унааларга түнкүсүн жүрүүгө чектөө киргизилди. Жеңил унаалар да абалга жараша 500 метр аралык менен өткөрүлүп жатат", - дейт Сатыбалдиев.