Кечээ, 11-мартта белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков үчүнчү ирет уулдуу болду. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
"Кудай буюруп, кечээ күнү уулдуу болдум. Балам 3 килограмм 750 грамм салмакта, бою 51 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда ымыркайыбыздын да, жубайым Кымбаттын да ден соолугу жакшы. Уулубузга Айдар деген ысым ыйгарсакпы деп ойлонуп жатабыз. Бирок чечиле элек. Үйдөгүлөр менен дагы бир жолу кеңешип, анан бир чечимге келебиз", - дейт клипмейкер.
Белгилей кетсек, Эрнист Сыдыков буга чейин Замир жана Умар аттуу эки уулдун атасы эле.