Бишкектин 43 жаштагы Айнуру Муканбетова аттуу тургуну 6 жыл мурун дайынсыз жоголуп, учурда милиция тарабынан изделүүдө. Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБинен кабарлашкандай, ал 2012-жылдын март айында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.
Бою болжолдуу түрдө 170-175 сантиметр, толук дене түзүлүштө, чачы кара түстө болгон. Үйүнөн чыгып кеткен күнү үстүнө жазгы кийим кийип жүргөн.
Эгерде сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо, 0 312 43-32-75; 0553 10-25-66; 0772 05-20-00; 0702 49-88-88 номурларына кабарлап койсоңуздар болот.